• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Новосибирсктеги башкы консулу Алтай Республикасына иш сапар менен барды

Саясат 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Калдарали Маматалиев РФнын Алтай Республикасында иш сапары менен болуп, аймактык өкмөттүн жана мамлекеттик жыйынынын – Эл Курултайынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Башкы консулдун иш сапары 17-21-февраль күндөрү болуп өткөн.

Министрликтен белгилешкендей, Алтай Республикасынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу – жергиликтүү өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары А. Тюхтенев менен жолугушуу учурунда бир туугандык мамилелерди чыңдоонун жана Кыргызстан менен Алтай Республикасынын ортосундагы соода, айыл жана токой чарбасы, туризм, транспорт, билим берүү, илим, маданият жана этноспорт чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүү жолдору талкууланган. Аны менен бирге, тараптар Талас облусунун администрациясы жана Алтай Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык келишим түзүүнү, ошондой эле Талас жана Горно-Алтайск шаарларынын, Нарын облусунун Жумгал жана Усть-Канск райондорунун ортосундагы боордоштук байланыштарды түзүүнү макулдашышкан.

19-февралда Алтай Республикасынын мамлекеттик жыйынынын – Эл Курултайынын төрагасы В. Тюлентин жана тармактык комитеттердин жетекчилери катышкан жолугушуу учурунда, кабыл алуучу тарап алтай эли менен кыргыздардын тамыры бир экендигин белгилеп, КРнын Жогорку Кеңеши менен тыгыз кызматташууга жана өз ара сапарларды алмашууга даярдыгын билдирген.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Горно-Алтайск шаарында Алтайдагы кыргыздарга арналган эстелик орнотуу жана "Алтай цивилизациясы" эл аралык тарыхый-маданий борборунун курулуш долбоорун ишке ашыруу маселелери каралган", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий