• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча курамасы Азия чемпионатында 3 медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча курамасы Азия чемпионатында 3 коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, кыргызстандык спортчулар эркектер, өспүрүмдөр жана кыздар арасында күч сынашты.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 10-20-сентябрда Казакстандын Шымкент шаарында өтүп, ага 10 өлкөдөн 200 спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий