• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын ооруканаларында 25 миңге жакын орун бар. Анын ичинде инфекциялык бөлүмдөрдө 1 миң 800 орун

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Быйылкы жылдын 1-январына карата өлкөдөгү стационардык мекемелерде жалпы 25 миңге жакын орун бар. Анын ичинде ооруканалардын инфекциялык бөлүмдөрүндө 1 миң 800 орун бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, коронавирус инфекциясын жуктургандар көп санда аныкталган учурда алар биринчи кезекте инфекциялык бөлүмдөрдүн стационардык орундарына жаткырылат. Андан тышкары, коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды кабыл алуу жана дарылоо үчүн Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында орундар бошотулган.

"Зарылдыкка жараша коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн өлкөнүн бардык аймактарындагы стационардык дарылоо мекемелери бошотулат. Саламаттык сактоо министрлиги өзгөчө кырдаал шартында саламаттыкты сактоо уюмдарынын профилин өзгөртүү жана коронавирус инфекциясы бар бейтаптарды жайгаштыруу үчүн атайын бөлүмдөрдү түзүү планын иштеп чыкты. Республика боюнча 1 миң 943 орун коронавирус менен ооругандарды дарылоого ылайыкташтырылып, анын ичинде 254 реанимациялык орун түзүлөт", - деп билдиришти штабдан.

Пикир

Оставить комментарий