• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын ооруканаларында 329 миң беткап жана 11,7 миң коргоочу костюм бар – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын ооруканаларында 329 миң 141 медициналык беткап бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 11 719 миң коргоочу костюм жана N95 же FPP2 түрүндөгү 40 миң 845 респиратордук беткап бар.

Жогоруда көрсөтүлгөн буюмдар коронавирус аныкталган бейтаптарды дарылаган уюмдарга таратылып берилет.

Пикир

Оставить комментарий