• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын ордо оюну боюнча биринчилиги жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын ордо оюну боюнча биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. Биринчилик 26-29-апрель күндөрү Бишкектеги орто аянтында болуп өткөн.

Ага Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас облусу жана Бишкек менен Ош шаарларынан келген жети команда катышкан.

Бул мелдеште Талас облусунун командасы биринчи орунга татыса, Бишкектин командасы экинчи орунду ээлеген. Нарын облусу үчүнчү болгон.

Биринчи орунду алган Талас облусунун командасынын спортчуларына "КРнын спорт чебери" наамдары берилген.

Ошондой эле мелдештин жыйынтыгы менен өлкөнүн ордо боюнча курамасына жеңүүчү командалардын арасынан күчтүү спортчулар тандалып алынган: Талас облусунан 4 спортчу, Бишкектен – 3, Нарын – 1.

Пикир

Оставить комментарий