• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Белуджистан провинциясынын экс-губернатору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-августунда Исламабадда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Белуджистан провинциясынын экс-губернатору Мухаммед Хан Ачакзай менен жолугушту. бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашып, эки өлкөнүн элдеринин маданий жана тарыхый байланыштарынын маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар ошондой эле Афганистандагы кырдаалдын алкагында эл аралык жана регионалдык күн тартибин талкуулашты.

Мухаммед Хан Ачакзай элчи Уланбек Тотуяевге Пакистанга келген биринчи күнү жолугушканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий