• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Палестинага каршы футбол боюнча курамы аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина командасы менен боло турган беттешке даярдана башташты. Бул тууралуу футбол Федерациясынан билдиришти.

"Ак-Шумкарлардын" машыктыруучусу Александр Крестинин жолдоштук беттешке кайсы оюнчулар катыша турганын билдирди.

Дарбазачы: Калысбек Акималиев («Абдыш-Ата»), Валерий Кашуба жана Павел Матяш («Дордой»).

Коргоочу: Тамирлан Козубаев («ПКНС», Малайзия), Мустафа Юсупов, Александр Мищенко, Айзар Акматов («Дордой»), Андрей Долженко («Илбирс»).

Жарым коргоочу: Бахтияр Дүйшөбеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Азиз Сыдыков («Санат Нафт Абадан», Иран), Муролимжон Ахмедов, Ислам Шамшиев, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Жыргалбек уулу Кайрат («Дордой»), Ахлидин Исраилов («УиТМ», Малайзия), Турсунали Рустамов («Худжанд», Таджикистан), Одилжон Абдурахманов («Алай»), Гүлжигит Алыкулов («Неман», Беларусь) жана Алимардон Шукуров («Абдыш-Ата»).

Чабуулчу: Эрнист Батырканов, Мирлан Мурзаев («Дордой»).

Жарым коргоочу Антон Землянухин жаракат алганынан улам оюнга катыша албайт. "Ак-Шумкарлардын" мурунку капитаны Азамат Байматов жана Эдгард Бернхард да оюнга чыгышпайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Палестина курама командаларынын оюну 11-июнда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий