• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын пара-дзюдо боюнча курамасы эл аралык мелдеште үч медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын пара-дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Португалия өткөн “Гран-при Алмейда” эл аралык мелдешинде 1 алтын жана 2 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 48 кг салмак категориясында Хайитхон Хусан кызы алтын медалдын ээси болду. Ал эми эркектер арасында 60 кг салмакта Алихан Жумагулов жана 73 кг салмак категориясында Маматибрагим Суранов 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Канат Имяновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда. Мелдеш 26-январь күнү башталган.

Пикир

Оставить комментарий