• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын Париж Макулдашуусуна кошулуусуна байланыштуу ратификациялык мыйзам долбоору каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору каралды.

Жыйында КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбанын агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 12-декабрында Парижде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Климаттык өзгөрүү жөнүндө алкактык конвенциясына кошулган 196 өлкө Париж Макулдашуусун бир добуштан кабыл алышкан. Бул Париж макулдашуусу климаттын өзгөрүүсү жөнүндө БУУнун алкактык конвенциясынын жаӊы макулдашуусу болуп саналат. Аталган макулдашуу Киото протоколун алмаштыруу менен Конвенция боюнча жалпы аткаруучу иштерди күчөтүүгө багытталган. Париж макулдашуусунун максаты климаттын өзгөрүүсүнүн жагымсыз таасирлерине ыӊгайлашуу жөндөмүн жогорулатуу, финансы агымдарын туруктуу өнүгүү менен катар климаттын өзгөрүүсүнө ыӊгайлашууга багыттоо болуп эсептелинет.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Э.Шерипов Кыргыз өлкөсү донор өлкө болбогондуктан, бул макулдашууга ылайык, башка мамлекеттерге жардам көрсөтүү боюнча милдеттемелери жок. Макулдашууга ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө аталган Макулдашуунун максаттарын ишке ашыруу үчүн кеӊейтилген эл аралык колдоо көрсөтүлөт.

Талкууда эл өкүлдөрү климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көрүлүп жаткан иш-чараларга, колдоолорго багытталган бул макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун колдоого алышты.

Пикир

Оставить комментарий