• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын премьер-министри ЕАЭБ ичиндеги тоскоолдуктарды атады

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы тоскоолдуктарды атады.

Абылгазиев Бишкекте өтүп жаткан «Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун алкагында билдиргендей, биринчиден - бул ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар.

«2016-жылдан ушул күнгө чейин тоскоолдуктардын саны 279дан 18ге чейин кыскарганына карабастан, тоскоолдуктардын деңгээли дагы эле товарды эркин жүгүртүүгө жана тейлөөгө терс таасирин тийгизип жатат. Мен ушул жерден – өзүбүздүн ички рынокту коргоо менен, биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн глобалдуу ойлонуу керектигин өзгөчө белгилегим келет. Интеграциянын бир гана жолу бар – бул эркин рынок», - деп билдирип, аталган маселелер өкмөт башчылардын кийинки жолугушууларында да айтыла тургандыгын кошумчалады.

«Евразия экономикалык комиссиянын жетекчилигинин аталган көйгөйдү чечүү үчүн жетиштүү тажрыйбасы бар деп эсептейм», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтуусунда, экинчиден - ЕАЭБ мейкиндигиндеги санарип экономиканы жана чарба, ишкана, товарлардын бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү керек.

«Маалыматтык система жана технологияны ишке киргизүү - учурдун талабы, ошондуктан, биз азыртан тарта пилоттук режимде ишти башташыбыз керек. Санарип технологияны киргизүү рынок ичиндеги атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүктү камсыз кылат», - деп кошумчалады ал.

Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн комиссия активдүү иш жүргүзсө боло тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий