• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын премьери кыргыз-өзбек эки жактуу мамилелеринин активдешүүсүн белгиледи

Саясат 0

БИШКЕК, 16.08.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кыргыз-өзбек эки жактуу мамилелеринин активдешүүсүн белгиледи.

Өкмөт башчы кесиптешин жылуу кабыл алып, Өзбекстан Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айтты. “Кыргыз-өзбек кызматташуусун бекемдөөгө багытталган эки жактуу мамилелердин активдешүүсүн белгилөө кубанычтуу. Өкмөттөр аралык комиссиянын акыркы жыйыны 2009-жылы өткөн. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия эки жактуу маселелерди чечүүнүн натыйжалуу аянтчасы”, - деди Жээнбеков.

Ошондой эле, премьер Ташкент-Тамчы түз авиа каттамынын ачылышынын маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул Өзбекстандын жарандарына Ысык-Көлгө ыңгайлуу жетүүгө шарт түзөт.

Жыйынга Бишкекке иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышууда.

Пикир

Оставить комментарий