• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын президенти 11-12-мартта иш сапары менен Өзбекстанга барат

Саясат 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-12-мартта иш сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу брифингде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө президенттин атына тигил же бул өлкөгө иш сапары менен баруу боюнча көптөгөн чакыруулар келген.

“Садыр Жапаров өз сөзүндө биринчи кезекте коңшу өлкөлөргө бара турганын айткан”, - деди ал.

ТИМ башчысы Кыргызстандын президентинин Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытайга баруу планы бар деп билдирди.

Казакбаев иш сапар эки тарапка тең ыңгайлуу учурга ылайыкталып уюштурулат деди.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 24-25-февралда мамлекет башчысы катары биринчи иш сапары менен Россияга, андан кийин 2-3-мартта мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга барган.

Пикир

Оставить комментарий