• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Президенти Астанада ШКУ саммитине катышат

Президент 0

Астана, 9-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Казакстандын борбору Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын 17-жыйыны өтүүдө.

Саммитке өлкө башчылар: Казакстан – Нурсултан Назарбаев, Кыргызстан – Алмазбек Атамбаев, Кытай – Си Цзиньпин, Россия – Владимир Путин, Тажикстан – Эмомали Рахмон, Өзбекстан – Шавкат Мирзиёев, ошондой эле, Уюмдун ондон ашык байкоочу өлкөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн башчылары катышууда.

Астанага жогорку меймандар 7-июлдан тартып келип башташкан.

ШКУ жыйынына катышуу үчүн Эгемендик Сарайына биринчилерден болуп ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары келишти. Программага ылайык, саламдашуу, сүрөткө түшүү аземдери өтүп, андан кийин президенттер тар чөйрөдөгү жыйынды башташты.

Мындан соң мамлекет башчылардын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйыны өтөт.

Андан кийин өлкө лидерлери жыйынтык документтерге кол коюшат. Болжол менен 11 документке кол коюлат. Анын ичинде, Астана декларациясы, экстремизмге каршы туруу боюнча Конвенция жана президенттердин терроризмге каршы туруу жөнүндө биргелешкен билдирүүсү бар.

ШКУ – 2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери негиздеген эл аралык уюм. 2016-жылдын июнунда Өзбекстандагы саммитте Индия жана Пакистандын уюмга кирүүсү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Учурда ШКУга байкоочу өлкөлөр - Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия, өнөктөш өлкөлөр — Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.

Пикир

Оставить комментарий