• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын президенти бийликти өткөрүп берип жатып, кандай сезимде болуп жатканын айтып берди

Президент 0

Бишкек, 20.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бийликти башка адамга өткөрүп берип жатып, кандай сезимде болуп жатканын айтып берди.

Бүгүнкү жыйынтыктоочу маалымат жыйында мамлекет башчысы зор жеңилдөө сезип жатканын билдирди.

“Мен үчүн бул алты жыл узак жана оор болду. Уйкусуз түндөр да болду. Дарыгерлер менин саламаттыгым жакшы экенин, бирок менде өнөкөт чала уйку бар экенин айтышты. Эми менин уйкумду кандырууга мүмкүнчүлүгүм болот. Анткени өлкө кыйроонун да, согуштун да алдында турган кыйын күндөр болду. Азыр булар алыста калган, кечээки болуп калды”, - деп, жаңы президенттин инаугурациясынан кийин бир нече жумага чет жакка кетерин билдирди.

Атамбаев жаңы мамлекет башчыга жана премьер-министрге башка өлкөлөрдүн лидерлери менен мамилелерди түзүүгө жардам берерин белгиледи.

Эскерте кетсек, 24-ноябрда Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өтөт. Мындан кийин Атамбаев мамлекет башчы кызматынан кетет.

Пикир

Оставить комментарий