• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Президенти “Бир алкак – бир жол” форумунун биринчи сессиясына катышууда

Президент 0


Пекин, 15-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Пекинде “Бир алкак – бир жол” форумунун катышуучу мамлекет башчыларынын тегерек үстөлүнүн биринчи сессиясына катышууда.

Ошондой эле, тегерек үстөлдө КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева жана президенттин кеңешчиси Калыкбек Султанов катышууда.

Кыргызстандын Президентинин форумдун экинчи сессиясында сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев Кытайда иш сапары менен жүрүп, “Бир алкак –бир жол” эл аралык кызматташуу форумуна катышууда. Форумга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандын жана башка бир катар африка өлкөлөрүнүн президенттери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий