• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын президенти болом дегендердин саны 26га жетти

Саясат 0

Бишкек, 14-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Президент болом деген дагы эки талапкер БШКга арызын жазган. Аталган мекеменин расмий сайтында жарыялангандай, өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти Мамедов Нусрет Муса-Оглыдан арыз келип түшкөн.

Ошондой эле, БШКга өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары “Шматрица” ишканасынын директору Руслан Жунусовдон арыз түшкөн.

14-июлга карата БШКга жалпысынан өзүн өзү көрсөткөн 22 талапкерден, партиялардан 4 талапкерден арыз түшкөн. Жалпысынан талапкерлердин саны 26га жетти. Айрым маалымат булактарында алардын саны 100гө жэтээри айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий