• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын президенти үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болбойт деп кепилдик берди - саясат таануучу

Коом 0

Бишкек, 06.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков республикада үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болбойт деп кепилдик берди. Президенттин Сооронбай Жээнбековдун апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушууда айткан сөздөрүнө саясат таануучу Марс Сариев ушундай пикирин билдирди.

“Ал үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болбойт деди. Менимче, ал туура айтат, ал буга жол бербейт”, - деп түшүндүрдү Сариев.

Саясат таануучу президент Жээнбеков Кыргызстандын Акаев жана Бакиевдин мисалында үй-бүлөлүк-кландык башкаруу тажрыйбасы бар экенин бир нече жолу айткан жана бул тажрыйба эске алынат. Саясат таануучу президенттин иниси Асылбек Жээнбековго карата ал Жогорку Кеңештен кетсе президенттин позициясы алсыз боло түшөрүн айтты.

“Менимче эгерде ал парламенттен кетсе, президенттин позициясы кыйла алсыз алсыз тарта түшөт. Асылбек Жээнбеков эки жолу парламенттин спикери жана үч ирет депутат болгон. Ал журналисттер менен жолугушууда президенттин ишине кийгилишпегендигин жана ага барбастыгын белгилеген. Негизи эле учурдагы президент үй-бүлөлүк-кландык башкаруу эмне менен бүтөрүн түшүнөт жана буга жол бербейт”, - деп жыйынтыктады Сариев.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Апрель революциясында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жабыркагандардын жана катышуучуларынын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Жээнбеков Кыргызстан калыптануунун оор жолун басып өткөнүн, экономикалык жана саясий кыйынчылыктарды башынан кечиргенин белгиледи. Бирок бардык сыноолорго карабастан, Кыргызстандын эли өз мамлекеттүүлүгүн сактап калды жана өз эркин көрсөттү.

“Кыргызстандын тарыхында бир максатка биригип, өз эркиндигин сактап калыш үчүн чогуу күрөшкөн мисалдар аз эмес. Элдик апрель революциясы мына ошондой баатырдык мисалдардын бири болуп саналат, - деди Президент Сооронбай Жээнбеков, - 2010-жылдын 7-апрели - кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя. Биздин эркиндикти сүйгөн элибиз үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен эч качан келишпестигин жана чөгөлөп жашабай турганын дагы бир жолу көрсөттү”, - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий