• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын президенти Казань шаарына келди

Президент 0

Уфа, 23-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Татарстандын борбору – Казань шаарына келди.

Аэропорттон Президентти Татарстандын башчысы Рустам Минниханов тосуп алды.

Казанга мамлекет башчысы Башкырстан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов менен жолугушуу уюуштурган Уфа шаарынан келди.

Белгилей кетсек, Атамбаев Москвада Россиянын Президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сапардын алкагында бир нече маанилүү документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий