• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын президенти менен Кытайдын төрагасы биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Президент 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Пекиндеги (Кытай Эл Республикасы) сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүнүн тексти:

(эркин котормо)

“Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Пекиндеги Кышкы олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.

Ишенимдүү, жылуу жана достук маанайда өткөн эки мамлекеттин башчыларынын (мындан ары - Тараптар) сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жогору баалап, өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилери боюнча кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча ой бөлүшүп, бир пикирге келишти.

Тараптар үстүбүздөгү жылы эки өлкө учурдагы кыргыз-кытай мамилелеринин тарыхындагы маанилүү датаны - Биргелешкен коммюникеге кол коюлушун жана 1992-жылы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотулушун белгилеп жаткандыгын белгилешти. Бул эки мамлекет ортосундагы эл достугунун жана ар тараптуу кызматташуунун жаңы этабынын башталышы болуп калды.

Тараптар отуз жылдын ичинде ар кыл тармактарда – саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук тармагында достук, ишеним, өнөктөштүк мамилелер түзүлүп, өз ара пайдалуу кызматташтык жолго коюлганын белгилешти. Өз ара аракеттин аркасында мамлекеттер аралык кызматташтыктын бекем пайдубалы түзүлдү. Саясий байланыштардын жогорку интенсивдүүлүгү эки тараптуу иш жүзүндөгү өз ара аракеттенүүнүн ырааттуу өнүгүшүнүн катализатору болуп калды.

Эки мамлекет салыштырмалуу кыска тарыхый мөөнөттө мамлекеттер аралык мамилелердеги эң курч, тарыхый мурас болгон чек ара маселесин өз ара пайдалуу, эки тарапка тең ынанымдуу шарттарда чечүүгө жетишти. 1996-жылы кол коюлган Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишим эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө негиз түзгөн. Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы эки мамлекетти бөлүп турган сызык эмес, эки өлкөнүн жана элдин ортосундагы ынак коңшулуктун, достуктун жана кызматташтыктын көпүрөсү болуп саналат.

Эки тараптуу мамилелердин негизги документи болуп 2002-жылы кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы “Ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө” келишим саналат. Бул Келишим мамлекеттик жана гуманитардык деңгээлдеги байланыштарды активдештирүүгө, тереңдетүүгө, кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө чоң түрткү берди.

Эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү жана бекемделиши биздин өлкөлөрүбүздү 2013-жылы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди орнотууга алып келди. 2019-жылы кол коюлган Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү боюнча биргелешкен декларация Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда ынак коңшулук мамилелерди, эки элдин ортосундагы достук жана саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө тоскоол болчу кандайдыр бир маселелердин жоктугун тастыктайт.

Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын маанилүү жана келечектүү багыттары инфраструктура, транспорт, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, санариптештирүү, туризм, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүдө кызматташтыкты жолго коюу жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү болуп саналат деп ишенишет.

Кыргызстан менен Кытай өз ара сооданы өнүктүрүү жана өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү аркылуу тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастайт. Бул жаатта 1994-жылы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын, 1998-жылы “Кыргызстан-СУАР КЭР” координациялык тобунун жана 2019-жылы инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгы боюнча жумушчу топтун түзүлүшү маанилүү болгон.

Бул аянтчалардын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу менен Тараптар кызматташуунун дараметин мындан ары тереңдетүүгө, соода мамилелеринин масштабын ырааттуу жогорулатууга, сооданын түзүмүн жана жол-жобосун оптималдаштырууга, өз ара пайдалуу эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты тең салмактуу өнүктүрүүгө дем берүүгө ниеттенишет. Ошондой эле Тараптар коронавирустук эпидемиянын жайылышына каршы күрөшүү жаатында кызматташууну бекемдөөгө, эки өлкөнүн аймагы боюнча жүк ташуучу унаалардын эпидемияга чейин жүргүзүлгөн көлөмдө өтүшүн камсыздоого ниеттенүүдө.

Тараптар Кыргызстандын аймагында маанилүү биргелешкен социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушат. Бул жолугушуунун жүрүшүндө кол коюлган жашыл өнүгүү чөйрөсүндө инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна оң баа беришет. Кытай тараптын көмөгү менен “Датка-Кемин” электр берүү линиясын куруу жана ишке киргизүү, “Ош – Сары-Таш - Эркечтам”, “Бишкек-Нарын-Торугарт”, “Түндүк-Түштүк”, “Ош-Баткен-Исфана”, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо, Бишкек шаарынын жол инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлору ишке ашты жана айрымдары боюнча иштер жүрүп жатат.

“Бир алкак - бир жол” демилгеси биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун, социалдык-экономикалык жана гуманитардык өнүгүүнүн негизги булактарынын бири жана шык-деми болуп саналат.

Эки мамлекеттин башчылары “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында транспорттук-транзиттик потенциалды пайдаланууну жана бардык иштеп жаткан, ошондой эле жаңы каттамдарды өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептешет. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү үчүн жаңы темир жолдорун куруу долбоорлору, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу чоң мааниге ээ. Тараптар бул долбоорду илгерилетүү үчүн аракеттерди көрүшөт. Бул долбоорду тез арада илгерилетүү Борбордук Азия чөлкөмүнүн транзиттик потенциалын толук ачууга олуттуу кадам жана “Бир алкак - бир жол” демилгесин илгерилетүүнүн маанилүү звеносу болууга тийиш.

Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына электр энергиясын экспорттоо маселесин изилдөөнү сунуштады, кытай тарап бул сунушту изилдөөгө даяр экенин билдирди.

Кыргыз тарап Кытай Эл Республикасы тарабынан социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирет. Бул багытта артыкчылыктуу улуттук долбоорлор ишке ашырылды. Атап айтканда, Бишкек шаарында Улуттук госпиталдын жаңы имаратын куруу, Ош шаарында оорукана комплексин куруу, Бишкек шаарында орто мектеп куруу жана Бишкектин жолдорун реабилитациялоо жана башкалар. Бул долбоорлор социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык мүнөздө болуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элинин турмушун жакшыртуучу мультипликативдик натыйжа берет.

Тараптар өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инвестициялык кызматташтыкты, эки тараптуу техникалык-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү алкагында долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча жигердүү иштерди улантышат.

Кытай тарап Кыргызстанда жагымдуу, коопсуз ишкер чөйрөсүнүн түзүлүшүн кубаттайт, айрыкча чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо жана алардын ишенимин арттыруу жаатында.

Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр кытайлык компанияларды кубаттайт.

Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү жаатында күн тартибиндеги маселелерди ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилешет. Буга байланыштуу кыргыз тарап кытай тарабынан сунушталган глобалдык өнүгүү демилгесине колдоо жана активдүү катышуу ниетин билдирет. Буга байланыштуу кыргыз тарап кытай тарап сунуштаган глобалдык өнүгүү демилгесин колдоону жана ага жигердүү катышууга, жакырчылыкты кыскартуу, азык-түлүк коопсуздугу, вакциналар жана эпидемияга каршы күрөшүү, өнүктүрүүнү каржылоо, климаттын өзгөрүүсү жана жашыл экология, индустриялаштыруу, жашыл экономика, өз ара байланыш, ж.б., тармактарда иш жүзүндө кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин билдирет. Бириккен улуттар уюмунун 2030-жылга чейин Туруктуу Өнүгүү жаатында күн тартибинде турган маселелерди ишке ашырууну тездетүүгө биргелешип салым кошуу жана жалпы адамзат тагдырынын коомчулугун биргелешип куруу.

Тараптар ар бир мамлекет үчүн актуалдуу болгон ички өнүгүү маселелери, ошондой эле эл аралык жана аймактын күн тартибинде турган маселелер боюнча бири-бирине колдоо көрсөтүшөт.

Тараптар Ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимде, Стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана андан ары тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларацияларда, ар тараптуу өнөктөштүк стратегияны түзүү жана андан ары тереңдетүү жөнүндө, Эки тараптуу мамилелер, көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоо маселелери, региондогу коопсуздукту камсыз кылуу, жаңы жана салттуу чакырыктарга жана ар бир мамлекетте жана бүтүндөй аймактагы коопсуздукка жана туруктуулукка болгон коркунучтарга биргелешип каршы туруу маселелери боюнча буга чейин жарыяланган позицияларын жактарын тастыкташат.

Кызматташтыктын маанилүү багыты болуп БУУ, ШКУ, СВМДА ж.б. алкагында туруктуу өз ара аракеттенүү жана колдоо саналат.

Аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо маселелери салттуу түрдө Кыргызстан менен Кытайдын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калат. Бул контекстте 2002-жылы Терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу маанилүү болуп, коопсуздук маселесинде жана терроризмге каршы күрөш чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Кыргызстан жана Кытай үч коркунуч - терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү боюнча маселелерде бир позицияда. Бул багытта натыйжалуу иш алып баруу үчүн 2019-жылы коопсуздук маселелери боюнча кызматташуунун регион аралык ведомство аралык мехнизми түптөлгөн.

Акыркы убакта дүйнө ар кандай глобалдык чакырыктарга, коронавирустук пандемияга, Афганстандагы кырдаалга байланыштуу аймактагы коопсуздукка жана башка коркунучтарга дуушар болууда.

Тараптар пандемияга каршы күрөшүү, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу сыяктуу маанилүү маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүү биринчи планга чыгат деп ишенишет.

Тараптар мындан дагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө, региондук коопсуздук багыты боюнча эки өлкөнүн тийиштүү ведомстволорунун кызматташуусун активдештирүүгө жана ишеним деңгээлин жогорулатууга, өлколөрдө жана региондогу коопсуздук менен туруктуулукка коркунуч жаралса токтоосуз чара көрүүгө даярдыгын билдиришет.

Пандемия учурундагы активдүү кызматташуу, анын ичинде гуманитардык жардамды өз ара бөлүштүрүү эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы өз ара жардамдын жана достуктун жогорку деңгээлин дагы бир жолу көрсөттү.

Кыргызстан менен Кытай дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери кол коюлган эки тараптуу документтерде аныкталган фундаменталдык принциптерге мындан ары да берилгендигин жана достук жана ынак коңшулук мамилелерин мындан ары да бекемдеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетип, жалпы өнүгүүнү ишке ашырышат.

Кыргызстан менен Кытай эки өлкөнүн ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелерге негизделген мындан аркы өз ара аракеттенүү үчүн кеңири потенциал бар экендигине ишенет жана мындан ары да өнөктөштүктүн жана кызматташтыктын бардык формаларын ырааттуу өркүндөтүүгө даяр экендиктерин билдиришет.

Саясий кызматташтыкты илгерилетүү менен бирге Тараптардын соода-экономикалык кызматташууга көңүл буруусу маанилүү. Тараптардын жалпы максаты - Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки мамлекет үчүн пайдалуу болгон узак мөөнөттүү, туруктуу мамилелерди чыңдоо жана колдоо, кыргыз-кытай кызматташтыгынын бардык потенциалын эки өлкөнүн жана элдеринин жыргалчылыгы үчүн ачуу жана толук пайдалануу.

Саясий чөйрөдөгү өз ара колдоо боюнча кызматташуу, биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, коопсуздукка, тынчтыкка жана стабилдүүлүккө коркунуч келтирүүчү чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу Кыргызстан менен Кытайдын түпкү кызыкчылыктарына жооп берет. Кыргызстан менен Кытайдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, эки өлкөнүн элдеринин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Кыргыз тарап Пекиндеги Кышкы олимпида - 2022 оюндарын уюштуруу боюнча ишти жогору баалайт жана дүйнөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалда Пекинде Кышкы олимпиаданы өткөрүү, өз ара түшүнүшүүнүн олимпиадалык духу, тилектештик жана достук бардык элдерге үмүт берип, кыйынчылыктарды жеңүүдө ынтымакка чакырат.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпинди кыргыз тараптын делегациясын жылуу жаан достук маанайда кабыл алуусуна ыраазычылык билдирет, ошондой эле КЭР төрагасы Си Цзиньпинди тараптарга ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келүүгө чакырат”.

Пикир

Оставить комментарий