• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын Президенти парламент өзүн-өзү таркатууга барбайт деген ойдо

Президент 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. “Мен Жогорку Кеңештин депутаттары өзүн-өзү таратат деп ойлобйом”,-деди Президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы парламент депутаттары өздөрүн таратпайт деп билдирди. "Бары өз убагында болгону жакшы. Парламент мөөнөтү бүткөнчө иштейт жана парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт деп ойлойм”,-деди өлкө башчы.

Анын айтымында, парламентте туруктуу коалиция жок. “Туруктуу коалициясыз туруктуу Өкмөт да болбой турганын түшүнүшүбүз керек. Эгер парламент тараса ордуна мындан жакшы парламент келет деп ойлобойм”,-деп белгиледи Президент.

Ошондой эле, мамлекет башчысы ошол эле депутаттар тарабынан амалдуу мыйзамдар кабыл алынган, шайлоого бара жатышканда алар бир талапкердин тизмесин беришет, ал эми парламентке башка депутат келет деп белгиледи. “Бул туура эмес. Тизме катуу болушу керек. Тизмеде ким болсо парламентке ошол келиши шарт. Менимче КСДП гана тизмени өзгөртпөй, алгачкы билдирүүсүн сактап келе жатат”,-деди А.Атамбаев.

“Эгер Өкмөт жакшы иштесин десек, анда башка өнүккөн өлкөлөр сыяктуу парламентте 4-5 партия жана туруктуу коалиция болушу керек. Ошондо Өкмөт дагы туруктуу болуп, жакшы иштейт”,-деди мамлекет башчы.

.

Пикир

Оставить комментарий