Кыргызстандын президенти РФ аткаминерлерине сыйлык тапшырды

Президент 0

Москва, 21-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Россияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Россиянын бир катар аткаминерлерине мамлекеттик сыйлык тапшырды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий сыйлык тапшыруу Кремлде болуп өттү.

Анда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Данакер», медалы, Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков жана басма сөз катчысы Дмитрий Песков III даражадагы «Манас» ордени, РФ Каржы министринин орун басары Сергей Сторчак «Даңк» медалы менен сыйланды.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Москвада мамлекеттик сапары менен жүрөт. Кечээ, 20-июнда Алмазбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бүгүн мамлекет башчысы Россиянын премьер–министри Дмитрий Медведев менен жолугушат. Мындан тышкары, ал Башкортостан жана Татарстанга иш сапары менен барат. Мамлекет башчысынын мамлекеттик сапары 24-июнда соңуна чыгат.

Пикир

Оставить комментарий