• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандын президенти санкциялык тирешүүлөргө тынчсыздануусун билдирди

Президент 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин юбилейлик жыйынында сөз сүйлөп жатып, санкциялык тирешүүлөргө тынчсыздануусун билдирди.

"Кыргыз экономикасы коронавирустук пандемиядан калыбына келбей жатып, ал азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, макроэкономикалык туруктуулукка жана социалдык туруктуулукка күчтүү санкциялык соккуну алды”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы мындай шарттарда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында санкциялардын кесепеттерин жана социалдык-экономикалык абалдын начарлашын алдын алуу боюнча бирдиктүү чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий