• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Россияга учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 29.11.17 /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Россияга учуп кетти.

Белгилей кетсек, булл жаңы шайланган президент алгачкы чет элдик иш сапары. Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө президенттик кызматка 2017-жылдын 24-ноябрында киришти.

Москвада Кыргызстандын башчысы РФ премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушат. Мындан тышкары Жээнбековдун Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Эртең, 30-ноябрда, Жээнбеков Беларусиянын борбору – Минскте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун маарекелик жыйынына катышмакчы.

Россияга кеткен делегациянын тизмеси:
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев
Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов
Коопсуздук Кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев
Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев

Пикир

Оставить комментарий