• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандын Президенти Ө.Текебаевдин камалуусуна байланыштуу өзүнүн пикири менен бөлүштү

Президент 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн маалымат жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалуусуна байланыштуу өзүнүн пикири менен бөлүштү.

Мамлекет башчысы депутат Өмүрбек Текебаевге карата эч кандай саясий куугунтук жок деп белгиледи. “Мен 2010-жылы эле ош окуясында элдер өлүп, этникалык кагылышуулар болуп жаткан кезде кимдир бирөө бул жакта миллиондорду шыкап жатат деп айткам. Мен мунун бары бир кезде сыртка чыгат деп бир эмес,бир нече ирет айтканмын. Кечээ ошол россиялык ишкер интервью берген россиялык сайтты окудум. Андан сурашыптыр, эмне себептен сиз узак убакытка чейин арыз менен кайрылган жоксуз деп, ал коркконун айтыптыр. Ал Кыргызстандын Президенти бул ишти колго аларын билген эмес. Бардыгы мунун ичинде Атамбаевдин дагы үлүшү бар деп ойлошкон. Мен эч качан үлүштө болгон эмесмин. Бишкекте 2010-жылдагы революциядан кийин мародерлук болгон, рэкет – бул чындык. Кимдир-бирөө өлүп жатса, экинчиси акча иштеп жатканы ачуу чындык. Текебаев эле эмес, 2010-жылы бийликке келген башка ишмерлер дагы муну айтып жатышат. Мен алар өздөрүнүн дагы туура эмес иштери калкып чыгып калат деп коркушат деп ойлойм. Ууру түрмөдө отурушу керек деп айткым келет”,-деди А.Атамбаев.

“Мен бул жерден эч кандай саясатты көргөн жокмун. Саясатты айрым адамдар алардын дагы туура эмес иштери калкып чыгабы деп корко баштагынан көрүп жатам. Алар өз кезегинде бул репрессия деп айтышууда. Кандагы репрессия? Бул таза коррупция. Россиянын эки гана жараны бул тууралуу билдирди, бирок алардын саны көбөйөт, анткени күбөлөр абдан көп. Экинчиден, ошол эле “Ата Мекен” партиясынан чыккан Өмүрбек Абдрахманов “Ата Мекен” партиясынын лидеринин алдамчылыктары тууралуу бир нече жолу айтып чыкты. Өлкөнүн кийинки президентинин күчү жетеби-жетпейби билбейм, бирок менин убагымда бул аягына чейин чыгарылат, кандай гана басым көрсөтүү болбосун бөгөт коюлат”,-деди өлкө башчы.

Ошондой эле, ал бул келечекте бардык мародерлорго сабак болот деди.

А.Атамбаев анын айткандары балким чегинен ашкан кызуу кандуу көрүнүшү мүмкүн экенин моюнга алды, бирок бардык революцияларды токтотуп, иштеп баштоо керек деди.

Пикир

Оставить комментарий