• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандын президенти жана Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы кызматташтыкты талкуулады

Президент 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Глазго шаарында (Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландия) Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассир менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстан менен ИӨБнын пандемиядан кийинки калыбына келтирүү мезгилиндеги жана климаттын өзгөрүү шартындагы кызматташтык жана өнөктөштүгүнүн маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы жылдарда эң бир курч көйгөйлөр болуп мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши, суу ресурстарынын азайышы, кургакчылык, айыл чарбасында түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, табигый кырсыктардын тобокелдигинин жогорулашы, транспорттук унаалардан улам абанын булганышы ж. б. эсептелет.

Президент Кыргызстан 2030-жылга чейинки Улуттук деңгээлде аныкталган салымды кабыл алып, Париж келишимин жактаарын белгиледи.

Садыр Жапаров эмиссияны азайтуу жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү максатында Ислам өнүктүрүү банкы менен айыл жана токой чарбасы, суу ресурстары жана чакан энергетика чөйрөсүндө, энергетикалык инфрастуктураны жаңыртуу долбоорлору боюнча кызматташууну кеңейтүүнү колдоого даярдыгын билдирди.

Аны менен бирге мамлекет башчысы Глазгодон кийин Улуттук деңгээлде аныкталган салымды жана климаттык инвестициялар программасын ишке ашыруу үчүн, эки тараптуу форматта жана Жашыл климаттык фонд, Климаттык инвестициялык фонд сыяктуу көп тараптуу механизмдердин алкагында кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү максатында Кыргызстанда ГЭСтердин, анын ичинде чакан ГЭСтердин курулушу башталганын белгилеп, бул багытта кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассир Ислам өнүктүрүү банкынын Кыргызстан менен кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгиледи.

ИӨБ президенти мындан ары да эки тараптуу кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүүгө, ошондой эле эки тараптуу мамилени бекемдөө жана тереңдетүүгө даярдыгын билдирип, ИӨБ өз эксперттерин Кыргызстандын министрлер кабинетинин эксперттери менен жолугушуп биргелешкен долбооролорду талкуулоо үчүн жөнөтөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий