• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын президентинин администрациясы түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясы түзүлдү.

Ошондой эле, мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

- Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

- Сатыев Медербек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

- Зулпиев Бектур Рысбаевич - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

- Асанкулов Жеңишбек Асанкулович - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий