• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын президентинин саясий эрки өнүгүүгө чоң жол ачууда

Аналитика 0

Бул жөнүндө 30 жылдан бери айтылып келгени менен эми гана чыныгы кадамдар жасалып жатат. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоору жөнүндө айтпаган бир дагы президент болбосо керек. Аскар Акаевдин тушунан баштап жакшы ниеттер болгону менен акыркы убакка чейин ошол бойдон калган. Бүтпөгөн сүйлөшүүлөр, жолугушуулар жана консультациялар натыйжасыз болуп келген.

Эсиңиздеби, бул долбоорду ишке ашыруу боюнча канча деген кептер тарап, биздин коңшулар Кытайдан Европага транзиттин бир бөлүгүн жоготуп албаш үчүн аны курууга уруксат бербей жатат деген сөздөр айтылган. Мындан башка дагы Кремль каршы болду, Акорда каршы экен деген сыяктуу ар түрдүү маалыматтар тараган. Жакында Кытайдан жүк ташуу же контрабандага байланган жергиликтүү олигархтар менен чоңдор темир жол салгысы келбейт деген фейк маалымат тарады. Ушул сыяктуу түрдүү кептердин аягы суюлбай келет.

Каршылыктар болгон, болгондо дагы бир канча багыттардан, анын ичинде планетанын аркы бетинен дагы. Бирок, Садыр Жапаров конструктивдүү диолог жолу жана негизги өнөктөштөр менен түз байланышуу аркылуу улуттук кызыкчылыкты коргой алды. Бул тема Кыргызстандын президентинин Пекин жана Моквага иш сапары учурунда бир нече ирээт көтөрүлгөн. Тармактык министрликтердин, жумушчу топтордун жана эксперттердин эбегейсиз иштеринин аркасында бүгүн Самаркандда ШКУнун саммитинде конкреттүү кадамдарга өтүү жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо боюнча үч тараптуу келишимне кол коюлду.

“ШКУнун саммитинин алкагында бул долбоор боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу кытай, кыргыз жана өзбек тараптарынын мындан аркы практикалык биргелешкен аракеттери үчүн маанилүү негиз болуп каларына ишенем. Бул документ Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын жолду куруудагы ниеттеринин биримдигин бекемдейт”, — деди президент Садыр Жапаров Си Цзинпинь менен эки тараптуу жолугушууда.

КЭР төрагасы жаңы трансконтиненталдык темир жол линиясын ишке киргизүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу ырастап, анын аркасында континенттин европа бөлүгүнөн Азия-Тынч океан аймагына ири транспорттук системаларга кошуларын белгиледи. “Кыргызстан “Кыргызстан менен Кытайдын бирдиктүү тагдыры коомчулугунун” калкагында КЭРдин эң достук коңшуларынын жана жакын өнөктөштөрүнүн бири. Сиздердин республика КЭРдин тышкы саясатында маанилуу орунду ээлейт. Биз өз ара колдоону бекемдеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого даярбыз”, — деди Цзинпинь.

Эксперттер Самаркандда кол коюлган келишимди тарыхый – Евразия контингентинде геосаясий абалга оң таасир эте турган ыкма деп аташууда.

“Евразияда Кытайды Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Перс булуңундагы жана Европадагы порттор менен байланыштырган жаңы коммуникациялык коридор пайда болууда. Карама-каршы багытта батыштан Өзбекстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга Азия-Тынч океан аймагына чыгуучу темир жол каттамы иштейт. Бул геосаясий кырдаалды абдан өзгөртүп, Борбордук Азиянын өнүгүшүнө, калктын бакубаттуулугунун өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча темир жолунун Кыргызстандын аймагынан өтүүчү тилкесинун курулушу 3-4 жылга созулат, ал эми долбоорго салынып жаткан сумма 7 млрд долларга жетүүсү мүмкүн. Ал эми бул долбоорду ишке ашырууга катышкан өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу жана өз ара пайдалуу шарттар табылаарында шек жок. Эң негизгиси, дүйнөлүк деңгээлде ШКУнун колдоосу астында глобалдык демилге көтөрүлүп, аны Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бир ооздон колдойт.Темир жолдун курулушу эл чарбасынын бардык тармактарынын енугушуне мультиплика-циялык эффект берет. Президент Садыр Жапаровдун эл аралык транзиттен гана биздин бюджетке жылына 200 млн долларга жакын киреше түшөт деген сөзү эсиңизде болсун”, - деди саясий серепчи Марс Сариев.

Эксперттер темир жолдун курулушу бул Кыргызстанга өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган долбоор деп эсептешет. Си Цзинпиндин иш сапары менен Бишкекке келүүгө макулдугу экономикалык кызматташуунун мүмкүнчулүгү бир нече долбоорлор менен эле чектелбестен, алардын жүздөгөн долбоорлору болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат.

“Биздин көптөгөн жакшы долбоорлорубуз азыр токтоп турат. Анан албетте, Си Цзиньпиндин сапары биздин көптөгөн экономикалык көйгөйлөрүбүздүн, өзгөчө темир жолдун чечилишин тездетет. Анткени, Кытай менен кызматташуу биздин экономиканы өнүктүрүүгө гана эмес, аны көтөрүүгө дагы жол ачат. Атап айтканда, өндүрүш, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, импорт, экспорт жана башка. Бул биз үчүн абдан маанилүү”, - деди Бакыт Бакетаев.

Темир жол долбоорун ишке ашыруу Кыргызстанга миллиарддаган инвестицияларды алып келип, куруучулар жана жолчулар үчүн миңдеген жумуш орундарын түзөт. Кытайдан чыккан эл аралык транзиттен бюджетке олуттуу түшүүлөр болот. Товарлар Кыргызстанга минималдуу транспорттук чыгымдар менен жеткирилет. Ата мекендик продукция Перс булуңундагы өлкөлөрүнө түз жетүү мүмкүнчүлүгүн алат, ал жерден алар дүйнөнүн булуң-бурчундагы порттор аркылуу бөлүнүп чыгат. Жалпысынан алганда, Кыргызстан үчүн бул жаңы мейкиндикти ачкан чоң стартап.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий