• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын президентинин Өзбекстанга мамсапарынын программасы

Саясат 0

Бишкек, 4.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылдын 5-6-октябрында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу брифингде президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Ал бул сапар соңку жылдагы тыгыз жана жигердүү саясий сүйлөшүүлөрдүн олуттуу уландысы болорун белгиледи.

“Сапардын алкагында эки жактуу кызматташуулар талкууланган тар жана кеңейтилген чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Соода-экономикалык жана чек аралык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Тараптар кайра иштетүү, текстилдик өндүрүш жана Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен логистикалык борборлорду түзүү долбоорлорун ишке киргизүүнү карашат”, - деди ал.

Сапардын алкагында “Өзбекстан жана Кыргызстан: ааламдашуунун алкагындагы өнөктөштүк” темасында бизнес-форум өткөрүү пландалууда. Анда КР аймагында өндүрүлгөн товарлар жана 250гө жакын ири ишканалар сунушталат.

Ошондой эле, Субакожоева билдиргендей, мамлекеттик сапардын алкагында бир катар олуттуу эки жактуу документтерге кол коюлмакчы.

Пикир

Оставить комментарий