• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 26-майдагы аба каттамына жасалма билеттер сатылып жатканын эскертет

Коом 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 26-май күнү "Аэрофлот" авиакомпаниясы тарабынан Бишкекке аткарыла турган аба каттамына шылуундар тарабынан жасалма билеттер сатылып жатканын билдирет.

"Урматтуу Москва шаарында жашап, иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары, ар кандай алдамчылар тарабынан социалдык тармактарда, вотсап тайпаларда 2020-жылдын 26-майында "Аэрофлот" авиакомпаниясы аткара турган каттамга элчилик тарабынан деп билеттер сатылып жаткан фактылар катталып жатат. Элчилик ал маалымат жалган экенин жана ал сатылган билеттер жараксыз болорун эскертет. Азыркы кезде жалган маалымат тараткан жана билет саткан адамдар боюнча иликтөө иши жүрүп жатат. Калп маалымат таратып, жалган билет сатып, элди дүрбөлөңгө салган аракеттери үчүн ал адамдар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат", - деп билдирет элчилик.

Элчилик, аталган каттамга билеттер алар тарабынан түзүлгөн тизме боюнча гана сатыларын эскертет.

"Билеттерди аэропорттогу "Аэрофлоттун" кассаларынан гана алыш керек. Башка жактардан билет сунуштагандарга ишенбегиле. Бул каттам менен тизмеге жазылган боюнда бар аялдар жана эки жашка чейинки балдары бар энелер гана билет алып, кете алышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий