• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги эки күн катары менен иштебейт

Коом 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги эки күн катары менен иштебейт.

Элчиликтен билдиришкендей, Эмгек кодексине ылайык, 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болгондуктан Кыргызстанда жумуш эмес күндөрү болуп саналат. Буга байланыштуу элчилик бул күндөрү жарандарды консулдук кабыл алуу иштерин жүргүзбөйт.

Ошол эле учурда консулдук бөлүмдө тез арада юридикалык жана консулдук жардамды талап кылган оор кырдаалда чара көрүү жана мекендештер менен тыгыз кызматташуу үчүн +7 925 115 50 47 ишеним телефону иштейт.

Пикир

Оставить комментарий