• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги миграциялык каттоого байланыштуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда Кыргызстандын элчилиги Россиянын аймагындагы КР жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу маселеси боюнча маалыматтык билдирүү таратты.

Ага ылайык, Россиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн КР жарандары, башкача айтканда, миграциялык каттоосу жок жана (же) эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн жарандар иш жүзүндө жашаган жери боюнча тез аранын ичинде РФнын Ички иштер министрлигинин миграция боюнча аймактык башкармалыктарына кайрылып, укуктук абалын жөнгө салуу үчүн төмөнкү жол-жоболорду аткаруусу керек:

1. Манжа изин милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу процедураларынан өтүп, тиешелүү документти алуу.

Милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу жол-жобосун РФнын Ички иштер министрлигинин "Паспорттук-визалык кызмат" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын филиалдарында, андан тышкары Москва шаарында төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Вороновское поселогу, Варшавское шоссеси, 64 км, 1-үй, 47-строение, "Көп функционалдуу миграция борборунан" өтүүгө мүмкүн.

Маалымат үчүн: Бул процедура бир жолку жана акысыз. Жаныңызда паспортуңуз жана миграциялык картаңыз болушу керек.

2. Иш жүзүндө жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу. Россияда болуу мөөнөтүн (миграциялык каттоо) узартуу үчүн төмөнкүлөр болушу керек:

- эмгек (жарандык-укуктук) келишим (Россияга жумушка орношуу максатында келген учурда);

- окуу жайларында билим алып жаткандыгын тастыктаган документ (окуу максатында Россияга келген учурда).

Эскерте кетсек, жогоруда айтылгандарга байланыштуу Россиянын аймагына кирип/чыгуунун зарылдыгы жок.

Бул процедуралардан өтүүдө КР жарандары административдик жоопкерчиликке тартылбайт (штраф, Россиядан административдик чыгаруу / депортациялоо).

"Ошону менен бирге элчилик РФдагы терроризмге каршы иш-чаралардын жогорку деңгээлине байланыштуу РФнын укук коргоо органдары тарабынан өлкөнүн бардык аймагында текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгына көңүл бурат. Ушуга байланыштуу Россиянын Ички иштер министрлигинин органдары чет өлкөлүк жарандарды өлкөдө жүрүүнүн миграциялык режимин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга (айып пул салуу, депортациялоо) ыйгарым укук берилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Ушуга байланыштуу элчилик келген өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын белгилейт жана КР жарандарынан РФда жүрүү укугун тастыктаган документтерди алып жүрүүнү, ошондой эле ар кандай уруксатсыз чогулуштардан качууну суранып, КР жарандарынан чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоону өтүнөт. Бул маалымат мекендештерибизди адаштырып, терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий