• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Самара шаарына консулдук сапар уюштурат

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Самара шаарына консулдук сапар уюштурат, деп билдирет элчиликтин басма сз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2022-жылдын 19-мартынан 20-мартына чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына жеринде консулдук кызмат көрсөтүүлөр Самара шаарында (Кыргыз Республикасынын ID картасын/жалпы жарандык паспортун берүү жана башка) пландаштырылууда.

Жарандарды кабыл алуу төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт: 19-20-мартта төмөнкү дарек боюнча: Самара шаары, Калинин көчөсү, 1 (2-кабат), Манас-Ата кеңсеси; Кудуев Акылбек +7 (927) -260-34-84 - Самара облусундагы кыргыз диаспорасынын лидери.

Элчилик жарандардан бардык жакындарына Самара шаарында жана Самара облусунда пландалган көчмө консулдук кызмат жөнүндө кабарлоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий