• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү аэропортто уча албай калган кыргыз жарандары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү аэропортто уча албай калган кыргыз жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уча турган каттамдары болбой калган жарандар менен жолугуу үчүн 25-март күнү "Шереметьево" аэропортуна элчиликтин алдындагы штабдын мүчөлөрү Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидери, активисттери менен биргеликте барышкан.

Аэропортто 25-март саат 19:00гө карата 78 кыргыз жараны, ошондой эле транзит менен келген жалпысынан 14 жаран болгон.

Штабдын мүчөлөрү коронавирус инфекциясынан улам Кыргызстанда киргизилген өзгөчө абал боюнча түшүндүрмө берген. Каттамдар качан болору белгисиз болгондуктан аэропорттун аймагында болбогондору туура экенин айтышкан. Түшүндүрмө иштеринен кийин көпчүлүк жарандар Москвадагы убактылуу турактарына кетишкен.

"Мындан сырткары, штабдын мүчөлөрү аэропорттун транзиттик аймагында калган жарандары менен маектешип, азыркы кырдаал боюнча түшүндүрмө беришкен. Жакынкы арада каттам болуп калса, ал каттам менен кетирерин билдиришкен. Ошондой эле аларга тамак берүү уюштурулган. Аба каттамды күткөндөрдүн арасында буту ооруган жаран бар болгондуктан, азыркы кезде элчилик аны ооруканага жаткыруу аракеттерин көрүүдө", - деп билдирет министрлик.

"Кыргызстанда жана Россияда коронавирустук инфекцияга байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам элчилик каттамдар качан болору белгисиз болгондуктан аэропортторго барууну токтотууга жана коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча Кыргызстандын республикалык штабы жана Россиянын координациялык кеңеши тарабынан киргизилген санитардык-медициналык эреже-тартиптерди аткарууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

"Ошондой эле Россия үстүбүздөгү жылдын 27-мартынан тарта туруктуу жана чартердик аба каттамдарынын баарын толугу менен токтоторун эскертебиз. Өз кезегинде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдындагы штаб күчөтүлгөн режимде иш алып барууну улантууда, "Домодедово", "Шереметьево" аэпропортторунда өз компетенциясынын чегинде россиялык өнөктөштөрү, авикомпаниялардын өкүлдөрү менен биргеликте тийиштүү бардык иштерди жүргүзүүдө", - деп билдирет министрлик.

Министрликтен белгилешкендей, жарандарды кабыл алуу токтотулбастан күнү-түнү тез байланыш линиясы иштөөдө. Кырдаалга байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондорго +499-237-48-82, 237-46-01, +495 237-44-52, +499-238-33-04 байланышса болот .

Электрондук дарек: kgembassy.ru@mfa.gov.kg;

Ээлчинин блогу: www.elchi.ru;

Тез байланыш телефону: +7 (925) 103-29-11.

Пикир

Оставить комментарий