• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын Россиядагы элчиси алмашат – президент

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси алмашат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы Россиядагы элчиликтин иши тууралуу келип түшкөн нааразычылыктар тууралуу айтты.

Анын айтуусунда, ал РФда мекендештер менен жолугушкан.

“Азыр Россиядагы элчи алмашып жатат. Ал жакка компетенттүү элчи барып, биздин мекендештер менен тыкыр иш жүргүзөт. Ал жакта чындыгында көйгөй көп. Биздин 800 миңден ашуун жарандарыбыз миграцияга чыгып, анын көбү Россияда эмгектенет”, - дейт ал.

Мамлекет башчысы кабарлагандай, учурда эң негизги максат – чет өлкөдө жүргөн мекендештер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

“Россия тарап “кара тизмеден” биздин жарандардын көбүн чыгарган. Мурун ал тизмеде 104 миң адам болгон болсо, азыр алардын саны 64 миңди түзөт. Андан тышкары жумушка орношуу маселеси боюнча биздин мекендештер Россия жарандарыныкындай эле укуктарга ээ. РФнын жетекчилиги бизге абдан жакшы колдоо көрсөтүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, азыр КРнын Россиядагы элчи кызматын Болот Отунбаев ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий