• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын Россиядагы элчиси менен муфтий Максатбек ажы Токтомушев жолугушту

Коом 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Жолугушууда Россия аймагында эмгектенген мекендештерге ыйман, адеп-ахлак, каада-салт, үй-бүлөнү сактоо, ата-энени, мекенди сүйүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сөз болгон.

"Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Россияда эмгектенип жаткан биздин жарандарыбызга руханий жактан түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүүгө даяр",- деп белгилеген Максатбек ажы Токтомушев.

Ошондой эле тараптар муфтияттын Москва шаарындагы өкүлчүлүгү менен КРнын Россиядагы элчилигинин кызматташуусу боюнча да сүйлөшүшкөн.

Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Россия Федерациясы боюнча Муфтияттын өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев жана муфтийдин жардамчысы Улан ажы Ибраев катышкан.

Пикир

Оставить комментарий