• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын Россиядагы консулу рельске кулаган адамды куткарып калган жигит менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Кечээ, 12-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу Эдуард Насиров Москва метросунун рельсине кулап кеткен адамды куткарып калган Сыймык Алмазбек уулу менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Буга чейин маалымдалгандай, 9-мартта саат 17:30-18:00дөр чамасында Москва метросунун “Крестянская Застава” метросунда белгисиз адам электр поездинин акыркы вагонунан рельске кулап, эсин жоготкон.

“Метронун кезектеги поездинин келишине бир мүнөт калганына карабастан, 21 жаштагы Сыймык башка жаран менен рельске секирип, кулап түшкөн адамды метронун станциясынын платформасына көтөргөн”, - деп айтылат маалыматта.

Сыймыктын айтымында, ал рельстен ылдый түшүү жөнүндө эч кандай ою болгон эмес. Бирок ал жакка кантип жеткенин өзү деле түшүнгөн эмес.

Насиров Сыймыктын оор кырдаалда көрсөткөн эр жүрөктүүлүгү үчүн элчиликтин атынан ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий