• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын "РусГидрого" $37 млн өлчөмүндөгү карызын жаңы инвестор төлөйт

Коом 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. Кыргызстандын Россиянын "РусГидрого" компанисынын алдындагы 37 млн доллар өлчөмүндөгү карызын жаны инвестор төлөйт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, "РусГидрого" долбоор үчүн короткон акча маселеси жаны инвесторлор келгенден соң чечилет. Өкмөт бул тууралуу "РусГидрого" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

"Келишим жокко чыгарылганга байланыштуу, россиялык компания эл аралык арбитраждык сотко доо арыз берген. Биз инвесторду чогуу издөөнү чечтик", – деди өкмөт башчы.

Маалым болгондой, 2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, каскадды "РусГидро" курмай болгон. Бирок иштин аткарылышы оздугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган.

Орус тарап курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып, болбосо эл аралык сотко кайрыларын билдирген. Ал эми кыргыз тарап бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылууда.

Эске салсак, 2019-жылдын 26-февралында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "РусГидронун" башчысы Николай Шульгинов менен жолугушкан. Тараптар гидроэнергетика тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Бир нечего күндөн кийин "РусГидронун" башчысы Николай Шульгинов журналисттер менен жолукканда, компания Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу долбооруна кайтууну пландаган жок. Бирок, инвесторлорду тартууда көмөк көрсөтөт, - деп билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий