• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелеринде 58 миң медицина кызматкери иштейт

Ден соолук 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелеринде 58 миң медицина кызматкери иштейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, фонд келишимдик негизде 231 мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесин каржылайт: анын ичинде 99 стационар, 30 жалпы дарыгерлик практика борбору, 49 үй-бүлөлүк медицина борбору, 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 34 стоматологиялык бейтапкана, Бишкек жана Ош шаарларында эки тез жардам станциясы бар.

"Саламаттык сактоо мекемелеринде жалпы 58 миң медицина кызматкери иштейт. Анын ичинен 11 миң 500ү дарыгерлер", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий