• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 8 жасалма дем алдыруучу аппарат, 6,5 миң ПЧР-тест берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-июнь күнү Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине жардам катары 8 жасалма дем алдыруучу аппарат, 6 миң 550 ПЧР-тест берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Аталган жардам Глобалдык фонд колдооосунда БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан ишке ашырылган “Кыргызстанда ВИЧ жана кургач учукка найылжалуу көзөмөл жүргүзүү” долбоорунун алкагында берилген.

Министрликтен билдиришкендей, жардам катары берилген тест жана медициналык жабдыктардын баасы 266 миң 438 долларды түзөт. Ал аймактарга таратылат.

Жасалма дем алдыруучу аппараттардын экөөсү Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканасына, Бишкектеги Кургак учук улуттук борборуна − 2, Ош облусуна − 2 жана Жалал-Абад облусуна 2 аппарат берилет. Пенитенциардык тутумга кошумча 2 жабдык берилет.

Пикир

Оставить комментарий