• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын сапат боюнча сыйлыктары жөнүндө жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 20.11.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеш жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Сыйлыктар жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын изденип алууга конкурс өткөрүүнү уюштуруу боюнча эрежелерди жана сынактын катышуучуларын баалоо боюнча Эксперттик комиссиянын ишинин тартибин аныктайт.

Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеш жөнүндө жобо сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин ишин уюштурууну аныктайт.

Белгилей кетсек, сыйлыктарды изденип алууга конкурс ата мекендик ишканаларды жана уюмдарды продукциянын коопсуздугун камсыз кылууда дем берүү, чыгарылуучу продукциянын жана көрсөтүлүнчү кызматтардын сапатын өркүндөтүү, ошондой эле менеджмент системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлөт.

Сыйлыктар эки жылда бир жолу төмөнкүдөй номинациялар боюнча ыйгарылат:

1) өндүрүштүк багыттагы продукцияларды жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү;

2) азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү;

3) кызмат көрсөтүүлөр.

Белгилей кетсек, 1998-2021-жылдар аралыгында бул сынакка 1328ден ашык ишкана катышып, 53 ишкана анын лауреаттары болгон.

Пикир

Оставить комментарий