• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын социалдык тармактарында Сапар Исаковду колдогон акция башталды

Коом 0

Бишкек, 19.03.18. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстандын социалдык тармактарында премьер-министр Сапар Исаковду колдогон акция кеңири жайыла баштады.

Соцтармак колдонуучулары Сапар Исаков жетектеген өкмөт ишке ашырып жаткан демилгелерди жана долбоорлорду колдоого чакырышууда.

Сапар Исаковдун башкы жетишкендиктеринин бири, колдонуучулардын пикиринде, мамлекеттик маанилүү кызматтарга жаш кадрлардын тартылып жаткандыгы болуп саналат. Жаш адистердин тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү менен коомду жана мамлекетти өнүктүрүү негизин түзүүгө мүмкүн болду.

Муну менен катар колдонуучулар премьер-министр Сапар Исаковдун мамлекеттик башкарууну кара ниет чиновниктерден тазалоого умтулуусун белгилешет. Акыркы жарым жылда ар кандай кызматтардан 50дөн ашуун жетекчи бошотулган.

Социалдык тармактардын колдонуучуларын туруктуулукту сактоо жана Сапар Исаковдун жетекчилигиндеги жаш өкмөткө башталган реформаларды жана долбоорлорду улантууга шарт түзүү бириктирип турат.

Алардын айтымында, министрлер кабинети жүргүзгөн “Таза Коом” долбоорун ишке ашыруу саясаты жакын арада өлкөнүн жашоосунун бардык тармактарында чагылдырылышы жана Өкмөттүн тез-тез алмашуусун жоюп мамлекетти туруктуу өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий