• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын спортчулары триатлон боюнча төрт алтын утушту

Спорт 0

Бишкек, 31-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын спортчулары триатлон боюнча 29-30-июлда Астанада өткөн Борбор Азия чемпионатында төрт алтын утушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Чемпионатта 10 мамлекеттен келген 100гө чукул спортчу катышкан. Чемпионат үч этапта өттү:сууда сүзүү, чуркоо жана велосипед менен жарышуу.

Таймашка Кыргызстандан 17 спортчу катышкан.

Жыйынтыгында Александр Требунский 18-29 жаштагылардын арасында мыкты деп табылды, Илия Фернас 30-39 жаштагылардын арасынан биринчи орунду ээледи. Андрей Хандеев 40-49 жаштагылардын ичинен лидер болду. Ошондой эле, Валерия Уварова алтын медаль утту.

Акыркы жылдары триатлон менен машыккандардын саны өсүп, өлкөдө ага кызыккандар көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий