• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын спорттук дарыгерлери «Токиого чейин 100 күн» аттуу конференцияга катышат

Спорт 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын спорттук дарыгерлери «Токиого чейин 100 күн» эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-16-апрель күндөрү Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтө турган конференцияга Спорттук-реабилитациялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Бактыгүл Алишева жана аталган борбордун спорттук медицина бөлүмүнүн башчысы Иса Бичанов катышат.

Конференция XXXII Олимпиада оюндарына спортчуларды даярдоо боюнча актуалдуу маселелерине арналат.

Спорттук дарыгерлер 14-апрелден 18-апрелге чейин Минск шаарына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий