• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын төрагалыгы алдында КМШ Экономикалык кеңешинин биринчи отуруму өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө КМШга мүчө-мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

“Уюмдун органдарында Кыргызстандын төрагалыгы 2020-жылдын 18-декабрында Мамлекет башчыларынын кеңеши тарабынан кабыл алынган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин андан ары өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылат. . Биз катышуучу мамлекеттердин ортосундагы достук, жакшы коңшулаштык, улуттар аралык ынтымак, ишеним, өз ара түшүнүшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча белгиленген негизги принциптерди карманабыз”, — деди Адылбек Касымалиев.

Кеңештин жыйынынын жыйынтыгында төмөндөгү чечимдерге кол коюлду:

• Радиациялык кырдаал боюнча мониторингдин маалыматтарын алмашууда КМШга мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө;

• “Радионавигация” мамлекеттер аралык кеңешинин 2018-2021-жылдардагы ишмердүүлүгү жөнүндө;

• 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору жөнүндө;

• Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин 2021–2025-жылдарга жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча биргелешкен иштердин Перспективдүү планын ишке ашыруу жөнүндө;

• 2018-жылдын 1-июнундагы 2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы электрондук жана электр жабдууларынын калдыктары менен иштөө чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоору жөнүндө;

• КМШга мүчө-мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилге инновациялык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык программасына мүчө-мамлекеттердин инновацияларын коммерциялаштыруу борбору статусун берүү жөнүндө;

• Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин чыгармачыл тармактар үчүн адистерди даярдоо, меймандостук жана конгресс-көргөзмө иш-чаралары жаатындагы негизги уюштуруусу жөнүндө;

• Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттерде 2020-жылдагы калкты каттоонун турун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө;

•КМШга мүчө-мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүүнүн негизги максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө 2010-жылдын 19-ноябрындагы КМШнын Өкмөт башчылар кеңешинин чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;

•Шериктештикке мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешине караштуу Интернационалист-жоокерлердин иштери боюнча комитеттин КМШга мүчө-мамлекеттердин үлүштүк төгүмдөрүн 2020-2022-жылдары каржылоого жумшалган чараларды көрүү боюнча документалдык аудиттин жыйынтыгы жөнүндө 2020-2024-жылдары 1979-1989-жылдардагы Ооганстандагы согушта дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөөнү, сөөктөрдү издөөнү, эксгумациялоону, сөөктөрдү таанууну жана мекенинде кайра көмүүнү улантуу;

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө “КМШга мүчө-мамлекеттердин өзөктүк энергиянын коомдук алгылыктуулугун калыптандыруу боюнча кызматташтыгынын негизги багыттары жөнүндө” жана “2030-жылга чейинки мезгилде КМШга катышуучу мамлекеттердин инновациялык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык программасынын катышуучулары – мамлекеттердин инновацияларын коммерциялаштыруу борборлорунун иши жөнүндө” маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий