• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын Түркиядагы дипмиссиясынын кызматкерлери COVID-19дан курман болгондорду эскеришти

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарынын элесине карата Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу Кыргызстандын Түркиядагы дипмиссиясынын кызматкерлери курман болгондорду эскеришти. Бул КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аза күтүү белгиси катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги түшүрүлдү. Дипломатиялык миссиянын кызматкерлери COVID-19дан курман болгондордун элесин бир мүнөт унчукпай эскеришти.

Пикир

Оставить комментарий