• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги "Эл аралык маданият күнү" аттуу иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анкара шаарында OSTIM Техникалык университети тарабынан уюштурулган “Эл аралык маданият күнү” аттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарада элчилик тарабынан стенд орнотулуп, анда улуттук буюмдар, өлкө тарыхы жана туристтик потенциалы тууралуу түрдүү китептер, брошюралар жана маалыматтык материалдар көргөзмөгө коюлду.

Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин ректору, элчилер жана башка Анкарадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Ал эми элчи Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө кыргыз элинин жана мамлекетинин 2300 жылдан ашык тарыхы бар экенине көңүл буруп, жаштардын ар кайсы мамлекеттердин маданиятына жана тарыхына болгон кызыгуусун арттыруу үчүн мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, иш-чаранын катышуучуларын Кыргызстанга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий