• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги өлкөгө кайтууну каалаган жарандардын тизмесин чогултууну улантууда

Коом 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги өлкөгө кайтууну каалаган жарандардын тизмесин чогултууну улантууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Кыргызстандын элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Анкара, Стамбул шаарынын жергиликтүү бийлиги жана "Түркия аба жолдору" авиакомпаниясы менен бирге 17-апрель күнү Стамбулдан Бишкекке 211 кыргызстандык жаранды жөнөтүү маселесин иштеп чыккан. Аталган каттам менен Анкара жана Стамбул шаарында дарылануу, жумуш, окуу ж.б. себептер менен жүргөн кыргызстандык жарандар өлкөгө келген", - деп билдирет министрлик.

Министрликтен белгилешкендей, март айынын аягынан тарта Түркиянын 30 шаарында жарандардын калаалар ортосунда жүрүүсүнө тыюу салынып, өтө зарыл учурда жергиликтүү бийликтин уруксатынын негизинде шаардан шаарга жүрүүгө уруксат берилген. Жергиликтүү бийликтен уруксат алуу үчүн убакыт тар болгондуктан Стамбул жана Анкара шаарында турган жарандарды Кыргызстанга жөнөтүү чечим кабыл алынган.

"Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Анкарада жашаган 52 жаранга жергиликтүү бийликтен уруксат алынган. Уруксат алууга бир нече саат кетти. Андан кийин алар элчилик уюштуруп берген эки автобус менен Стамбулга жөнөтүлгөн", - деп билдирет министрлик.

Министрликтен билдиришкендей, элчилик менен Башкы консулдук Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандарды тизмесин чогултууну улантууда. Керектүү маалыматтар элчиликтин расмий сайтына жайгаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий