• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Адана шаарында иш сапары менен болду

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. 26-27-февраль күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Түркиянын Адана шаарына эки күндүк иш сапары болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш сапардын алкагында, Өмүралиев Адана провинциясынын губернатору, Адана шаарынын мэри, Адананын Өнөр-жай жана соода палаталарынын жетекчилери, ишкерлери менен, ошондой эле Түркия ИИМнин Аданадагы Миграция башкармалыгынын директору жана КРнын жарандары менен жолугушкан.

Элчи Адана провинциясынын жана шаарынын жетекчилери менен болгон жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, Кыргызстандын аймактары жана шаарлары менен Түркиянын аталган провинциясынын ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү зарыл экендигин билдирген.

Адананын Өнөр-жай жана соода палатасынын жетекчилиги жана ишкерлери менен болгон жолугушууда Өмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана климат боюнча бет ачар тартуулап, бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдар), макроэкономикалык көрсөткүчтөр, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине болгон мүчѳлүгү тууралуу айтып берип, Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору менен тааныштырган. Элчи ишкерлерге Кыргызстанда жаңы өнөр-жай аймагын ачууну сунуштап, Кыргызстандагы ишмердүүлүктөрүндө жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. Ошондой эле ал ишкерлердин кызыккан суроолоруна жооп берген.

КРнын жарандары менен болгон жолугушууда, Өмүралиев КР жарандарын коргоо боюнча КР өкмөтү жана элчилик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берген. Ошондой эле Адана аймагынын губернатору, Адана шаарынын мэри, Түркия ИИМнин Аданадагы Миграция башкармалыгынын директору менен болгон жолугушуулары жөнүндө айтып, алардын кызыккан суроолоруна жооп берген.

"Адана аймагынын Миграция башкармалыгынын өкүлүнүн катышуусу менен Түркиядагы КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Түркиядагы КР жарандарынын мыйзамсыз жумушка орношуу каналдарын тыюу, Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу маселелер талкууланды жана түрк тарабынан Кыргызстандын жарандарынын жашоого жана жумушка уруксат алуу шарттары боюнча суроолоруна жооп берилди", - деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Өмүралиев "Чукурова" университетинин ректору жана аталган университетте окуган кыргызстандык студенттер менен жолугушкан. Жолугушуу учурунда кыргызстандык студенттердин окуусу менен жашоо шарттары, Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташтык маселеси талкууланган.

Маалымат катары: Адана – Түркиянын ири шаарларынан бири, Адана аймагынын административдик борбору. Аймак Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Адана шаары Сейхан дарыясынын жээгинде Жер-Ортолук деңизинен 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Адана – ири өнөр-жай борбору. Текстиль, химиялык жана тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн. Экспорту 1,700 миллиард долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий