• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси этникалык кыргыздардын тобу менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Кечээ, 17-июнь күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Ван аймагынын Эржиш районунун Улуу Памир айылынын башчысы Айтбай Эйюпхан жана Рахманкул хандын уулу Мухаммет Ариф Кутлу баштаган этникалык кыргыздар тобу менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда Айтбай Эйюпхан мырза Улуу Памир айыл жамаатынын атынан салам айтып, 2019-жылдын 10-12-июнунда элчи Өмүралиевдин Ван аймагына болгон иш сапарынын натыйжасында жергиликтүү бийлик тарабынан аймактагы этникалык кыргыздарга турак жай куруу жана айыл чарба муктаждыктары үчүн кошумча 270 га жер тилкеси бѳлүнүп берилгенин белгилеген. Ал аталган маселени чечүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн элчиге ыраазычылык билдирген.

Өз кезегинде элчи элдин жалпы абалын сурап, Улуу Памир айылында Covid-19 илдетине чалдыккандар жок экенин кубаныч менен кабыл алган.

Маалымат үчүн: 1978-жылы Рахманкул хандын демилгеси менен памирлик кыргыздардын бир бѳлүгү Афганистандан Түркияга көчүп келген. Кыргыздар биринчи Пакистанга көчүп келишкен. Бирок алар Вахан өрөөнүнүн климатына кѳнүп калгандыктан жаӊы ысык климаттык шартка көнө алган эмес. 1983-жылы Түркия Республикасынын өкмѳтү өлкөнүн чыгышындагы Ван провинциясынын Эржиш районунан жер бѳлүп берип, ал жерде Улуу Памир айылы негизделген.

Учурда Улуу Памир айылында кыргыз тилин жана улуттук салттарын сактап келген үч миӊге жакын этникалык кыргыздар отурукташкан. Вандык кыргыздардын бир бөлүгү Стамбул шаарында жашашат, акыркы жылдары Анкара провинциясынын Чубук районуна жана Түркиянын борбордук аймактарына (1 миӊге жакын) көчүп келгендер да бар.

Пикир

Оставить комментарий