• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси "Манас" университетинин ректору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. 1-сентябрь күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Алпарслан Жейлан менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда алар "Манас" университетинин ишмердүүлүгүнүн маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн билим жана илим тармагындагы кызматташуусун талкуулашты.

Элчи Өмүралиев Алпарслан Жейланды аталган тармактар боюнча эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө аракет кылууга чакырып, анын жаңы кызматтагы иштерине ийгилик каалады.

Жейлан элчиге ыраазычылык билдирип, "Манас" университетиндеги пландалып жаткан долбоорлор боюнча маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий